Казакстандагы башаламандыкка катышкандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Казакстанда болуп жаткан акыркы окуяларга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги жана Алматы шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу менен биргеликте, Казакстандагы окуяларды үзгүлтүксүз байкоодо жана кыргыз диаспоралык уюмдар менен тыгыз байланышууда, ошондой эле көзөмөлдөөчү-өткөрмө пункту аркылуу Кыргызстандын жарандарын мекенине алып келүү иши улантылат.

«Кыргызстандын Казакстандагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жана консулдук мекемесинин алдын ала маалыматына ылайык, массалык тартипсиздиктерге, чыр-чатакка катышкандардын арасында, ошондой эле жабыр тарткандардын арасында КРнын жарандары катталган эмес», — деп айтылат билдирүүдө.

ТИМдин маалыматы боюнча, атайын уюштурулган транспорт менен Кыргызстандын 20 жараны, алардын ичинде аялдар, балдар, ошондой эле Россиянын 20 жараны, Тажикистандын жана Өзбекстандын бирден жараны Кыргызстанга кайтып келишти.