Казакстандын айрым өткөрмө пункттарынын жабылышынан улам тамак-аш коопсуздугу боюнча тынчсызданууга негиз жок. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

“Казакстан тараптын айрым өткөрмө пункттарынын жабылышына байланыштуу кооптонуулардан улам, Кыргыз Республикасында бүгүнкү күндө социалдык маанилүү азык-түлүктөр менен күйүүчү-майлоочу материалдардын жетиштүү запасы бар экенин белгилейбиз.

Жарандарды белгиленген азык-түлүктөрдүн мүмкүн болгон тартыштыгынан же баалардын кескин көтөрүлүшүнөн чочулабоого чакырабыз.

Эки өлкөнүн дипломатиялык мекемелери эки тараптан мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги айрым өткөрүү пункттарынын ишин тез арада калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Казакстандагы коомдук-саясий кырдаалдын толук турукташуусу соода-экономикалык байланыштарды толук кандуу жөнгө салынышына негиз болот”, — деп белгиледи Президенттин басма-сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

Эске салсак, Кыргызстан «Кең-Булун авто жол» жана «Токмок-авто жол» өткөрүү жайларынан жарандарды жана транспортторду өткөрүүнү 7-январдан тарта убактылуу токтотту. Мындай чечим Казакстандын Бирдиктүү маалымат тутуму иштебей жаткандыгына байланыштуу коңшу өлкөнүн демилгеси менен кабыл алынган. Чүй облусунда «Ак-Тилек-авто жол», «Ак-Жол-авто жол», «Чалдыбар-авто жол» өткөрүү жайлары, Талас облусунда «Чоң-Капка-авто жол» жана Ысык-Көл облусунда «Каркыра-авто жол» өткөрүү жайлары COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен штаттык режимде иштеп жатышат.