Бүгүн, 7-январда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Алсак, республиканын бардык аймактарынан ата-энелеринин балдарын мектепте багууга жана окутууга каржылык мүмкүнчүлүгү жок 201 бала зарыл кийим-кече, мектеп формасы жана окуу куралдары менен камсыздалды.

Ар бир мектеп окуучусу рюкзак, костюм, 2 даанадан шым же юбка, свитер, 3 көйнөк, 3 футболка, куртка, өтүк, шарф, мээлей, баш кийим, өнүктүрүүчү окуу китептери жана кеңсе буюмдарын (калем, карандаш, сызгыч, өчүргүч ж.б.)  алышат.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Президент Садыр Жапаровдун тескемеси менен турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн 201 баласына жардам көрсөтүү үчүн Мамлекет башчынын резервдик фондунан 5 млн сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек жана Ош шаарларынын башчылары Президенттин атынан балдарга белектерди өз убагында жеткирүү жана тапшырууга жооптуу болушат.