8-январга караган түнү республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Ишембиде күндүз өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +3…+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +4…+9, Ысык-Көл өрөөнүндө 0…+5, Нарын чөлкөмүндө -3…-8 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек жана Ош шаарларында +6…+8 градусту көрсөтөт.