Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун аспиранты Айжамал Исламова кайсы тамак баланын организмине зыяндуу экенин жана бөбөктү кантип тамактандыруу керектигин айтып берди.
«Балага тамак берүүдө ата-энелер белоктун, майдын жана углеводдун балансын эске алышы керек. Мындан тышкары, эртең мененки тамакты өткөрүп жибербөө маанилүү. Мисалы, биз эртең менен аз жеп, кечинде көп тамак жеп алабыз. Анын үстүнө эт, камыр, майлуу тамактарды кечкиге калтырабыз. Мындай тамактануунун кесепети тиет, балдарга андан бетер зыян», — деди Исламова.
Ал белгилегендей, балдар тамактын бардык түрүн жей берсе болот. Бирок аз-аздан, суусундук менен аралаштырып, кыймылдуу болушу абзел.