Өзбекстан бийлиги коңшу өлкөлөргө жана Россияга жаратылыш газын экспорттоону толугу менен токтотту. Бул тууралуу “Интерфакс” агенттигине Өзбекстан Энергетика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Бул кабар орус маалымат агенттигинин сайтында Казакстанда газдын баасынын жогорулаганына байланыштуу болгон митингдерден кийин жарыяланды.

“Ушул тапта Россияга газ жөнөтүлгөн жок жана 2022-жылы пландар өзгөрбөйт”, – деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

“Интерфакс” кабарлагандай, азыркы учурда Өзбекстан газды негизинен Кытайга жөнөтүүдө.

2020-жылы Кытайга 3,277 млрд куб метр газ, 2021-жылдын он айында 4,020 млрд куб метр газ экспорттолгон.