Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол”, “Ак-Тилек” өткөрмө бекеттери кадимки тартипте иштей баштады. Бул тууралу Кыргыз өкмөтүндөгү булактар “Азаттыкка” ырастады.

Казак тарап кыргыз өкмөтүнө чек ара 7-январда саат 18:00 баштап штаттык режимде иштей баштарын кабарлаган. Чек ара кызматы учурда кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу экенин билдирди.
Аталган өткөрмө бекеттер жабылганын кечээ Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирген эле.
Кыргыз-казак чек арасында жети өткөрмө бекет бар.
Кыргызстан Казакстандагы коомдук-саясий абалдын курчушуна байланыштуу кыргыз-казак чек арасынан өткөн жарандар үчүн милдеттүү түрдө коронавирус жоктугун тастыктаган ПЧР тестти көрсөтүү талабын жокко чыгарган.
2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын бир катар шаарларында уланып жатат. Башаламандык менен коштолгон бул акцияларда ондогон адам каза тапты. Өлкө аймагында өзгөчө абал жарыяланган. Бийлик «контртеррористтик операция» жүргүзүүдө.
Учурда Кыргызстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары Казакстан аймагы аркылуу башка мамлекеттерге транзиттик каттоосуна убактылуу тыюу салынган.