Казакстанда болгон башаламандыкка катышкан делген Кыргызстандын жаранынын кармалышы тууралуу социалдык тармактарда тарап жаткан видео боюнча КР Тышкы иштер министрлиги маалымат берди.

КР ТИМдин маалыматына ылайык, учурда министрлик Казакстандын компетенттүү органдары менен биргеликте бул жарандын кармалышынын бардык жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү чараларды көрүүдө.

Тышкы иштер министрлиги ошондой эле Казакстандын аймагындагы мекендештерди жашаган өлкөнүн мыйзамдарын жана эрежелерин сактоого, чагымчылдыкка алдырбоого, чыр-чатактарга катышпоого, эл көп чогулган жерлерге барбоого жана жашаган жерлеринде болууга чакырат.

Белгилей кетсек, жергиликтүү казак телеканалдарынын бири сый акыга Кыргызстандан Казакстандагы башаламандыкка катышуу үчүн учуп келгенин айткан адам кармалгандыгы тууралуу сюжетти көрсөткөн. Ал адамдын айтымында, аны батирге алып барышкан, ал жакта Тажикстан менен Өзбекстандын жарандары да болгон.