Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Казакстанда кармалган джаз музыканты Викрам Рузахынов тууралуу Facebook социалдык тармактагы баракчасына  пикирин билдирди:
«Бир катар чет өлкөлүк ЖМК маалыматтарында Кыргызстандык джаз музыканты Викрам Рузахуновду Казакстанга митингге катышуу үчүн келген деп, аны деструктивдүү элемент катары көрсөтүү аракеттери тынчсызданууну жаратат.
Бул оңой эмес кырдаалда Казакстандын компетенттүү органдары тарабынан бардык жагдайлар жана анын себептери тыкыр иликтенет деп үмүттөнөбүз.
Учурда эки мамлекеттин ТИМи жана ИИМи тарабынан Викрам Рузахуновдун кармалышынын жагдайларын аныктоо боюнча тийиштүү иштер жүрүүдө» — деп жазылат билдирүүдө.