Учурда Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына бир нече адам музыкант Викрам Рузахуновдун Алматыда кармалганы боюнча нааразычылык акциясын өткөрүүдө. Алар чогулган жерге УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев барган.
«Казакстандын мамлекеттик телеканалдарынын Кыргызстандын жарандарын көрсөтүшү биздин намысыбызга тийип жатат. Коңшу өлкөгө бизден эч кандай террорист өткөн эмес. Мен жооптуу түрдө айта алам, Викрам террорист эмес. Анан биздин жарандарды террорист катары көрсөткөнү туура эмес. Казакстандын атайын кызматы иликтөөнүн риторикасын өзгөртпөсө болбойт», — деди Ташиев.
Ошондой эле ал ар бир кыргызстандыктын укугун коргой турганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Казакстандын Qazaqstan мамлекеттик телеканалы бүгүн, 9-январда, митингдерге катышуу үчүн Кыргызстандан барды делген жарандын сурак берип жаткан видеосун жарыялады. Ал берген көрсөтмөсүндө белгисиз адамдар митингдерге катышуу үчүн 90 миң теңге сунуштап чакырып, самолетко билетин алып берип, батирге жайгаштырганын билдирген.
Ал эми Кыргызстандын ИИМи билдирүү таратып, аталган жаран музыкант Викрам Рузахунов экенин жана Алматыга концерттик программа өткөргөнү барганын маалымдады.
https://www.youtube.com/watch?v=0JwSVRyJuIQ&t=1s