Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо максатында коюлган тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткаруу жана түзүлгөн кырдаалга карата ыкчам чараларды көрүү максатында ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери коомдук тартипти сактоо максатында жана ыйгарым укуктарынын чегинде коомдук коопсуздукту камсыздайт. Ички иштер органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн бир катар уюштуруу жана практикалык иш-чаралар кабыл алынып, комплекстүү иш-чаралар аткарылууда.

Кылмыштуулук менен күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана коомдук абалды көзөмөлдөө, тартипти камсыздоо максатында ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөрүлдү. Милиция кызматкерлери жарандардын коопсуздугун камсыздоого бардык зарыл чараларды көрөт. ИИОнун кызматкерлери мыйзамдын чегинде кызматтык милдеттерин аткарышып, жарандардын укуктары менен эркиндигин коргоого тийиш. Күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөө учурунда коомдук-саясий кырдаалдын туруктуулугун камсыздоого багытталган аракеттер кабыл алынып, ошондой эле укук бузууларды алдын алуу күчөтүлөт.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бөлүктөрү жол кыймылынын коопсуздугун сактоо багытында да комплекстүү иш чараларды колго алышат. Ошондой эле жол кыймылынын катышуучуларына жардам көрсөтүүгө жана жолдордо коопсуз шарттарды камсыздоого багыттуу иш-алып барышат.

ИИМ Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында коомду  тынчсыздандырууга алып келген жалган маалыматтарды тараткандарды аныктоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына, социалдык тармактарга жана телерадио жыштыгына күн сайын мониторинг жүргүзөт. Коомдук тартипти жана коопсуздукту бузууга алып келе турган жалган маалыматтарды таратып,  коомдук тартипти бузгандарга карата мыйзам чегинде чаралар көрүлөт. Ушуга байланыштуу айрым жарандар тарабынан  социалдык тармактарда таратылган такталбаган материалдарга ишенбөөгө чакырабыз.

Ички иштер министрлиги жарандардан кастыкты жана жек көрүүнү козутуу аракетин камтыган материалдарга,  чыгымчыл билдирүүлөргө ишенбөөнү суранат жана ошондой эле жарандарга кайрылып  мессенджерлердеги, социалдык тармактардагы  чагымчыл, жалган материалдарды таратуудан алыс болууга чакырат жана мындай фактылар боюнча ички иштер органдарына кабарлап коюну суранат.

Чындыкка дал келбеген жана укук тартибин бузууга түрткөн, кастыкты козутуучу жана кырдаалды туруксуздандырууга чакырган билдирүүлөрдү тараткандыгы үчүн жоопкерчилик бар экендигин эскертебиз. Урматтуу жарандар,  Сиздерди ИИОнун жүргүзүп жаткан коопсуздук чараларын түшүнүү менен кабыл алып, коомдук тартипти камсыздоонун белгиленген тартибин сактоону, мыйзамдарды бузууга жол бербөөнү суранабыз.

Ошондой эле ээсиз деп табылган буюмдар же шектүү жарандарды аныктаган учурда, бул жөнүндө ички иштер органдарына 102 телефон номерине токтоосуз маалымдоого суранабыз. Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөө учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоого зарыл болгон чараларды аткарышат.

ИИМдин Басма сөз кызматы