Казакстандагы баш аламандыкта 164 адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлоодо.  Маалыматта  айтылышынча, каза тапкандар:

Алматыда — 103 адам, анын ичинде 2 бала бар.

Кызылордо облусунда — 21,

Жамбыл облусунда – 10,

Алматы облусу боюнча — 8 адам көз жумган.

Ал эми 2 миңден көп киши медициналык жардам алуу үчүн кайрылган.

Эске салсак, Казакстанда нааразычылык акциялары бир нече күн мурун башталган. Жергиликтүү тургундар суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылып, өз шаарларынын көчөлөрүнө чыккан.

Казакстанда жаңы жылдан кийин эле газдын баасынын литри 60 теңгеден 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн. Митингчилер республиканын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевден саясаттан кетүүнү талап кылган. Казакстанда өзгөчө абал режими киргизилип, өлкөнүн өкмөтү отставкага кеткен.

Бүгүн Казакстанда аза күтүү күнү деп жарыяланган.