Мен инстаграмда 12 жылдан бери @bella_stella___ деген ысым менен отурам. 31 жаштамын, үй-бүлөлүүмүн, 2 кызым бар. Бишкектеги алдыңкы банктардын биринде иштегем, учурда декреттемин. Катар-катары менен төрөп, карантин да болуп өмүрүмдө биринчи жолу жоготуу эмне экенин билип, атамдан айрылып калып аябай чоң депрессияга кабылдым. Финансы жактан да жолдошумдун иштегени эч нерсеге жетпей кыйын болду. Ипотека төлөчүбүз, ал тургай памперс алганы акча жок калган күндөр болгон.

Өзүмдү колго алып « Кантип үйдө отуруп жок дегенде айына 5000 сом таба алам» деп өзүмө-өзүм суроо бердим. Себеби жетишпеген жашоо кыйнап жиберген эле. Ошондой күндөрдүн биринде интернеттен бир айымды көрүп калдым.Бала менен үйдө отуруп күндө акча табат экен. Мына ошол мага түрткү болду окшойт.
SMM курсун окууну чечтим. Курска төлөгөнгө акча жок, айла жок кийбеген кийимдеримди саттым жана жолдошум күндө нанга деп таштап кеткен акчадан 20–50 сомдон чогултуп отуруп курска акча топтодум. Курсту го окуп бүттүм. Бирок кайра, суроо пайда болду эми кантип кетирген акчаны актайм, кардар каяктан табам деп. Аракет-каалоом жана муктаждык абдан күч болгондуктан түнү менен уктабай кардарларга жазчумун. Ар түрдүү адамдар менен иштешип такшалдым.
Укмуш жасасам да кардарыма жакпаган учурлар болду, жакшы кардарлар дагы болду. Айтор ары-бери урунуп жүрүп онлайн бизнести толугу менен өздөштүрдүм.


Ар бир айым турмушка чыгып, бала төрөп жакшы тарбия бергенден да сырткары өзү бул жашоого эмне миссия аткарганы келгенин билиш керек. Мисалы мен бухгалтер экономистмин, бирок бул кесипти туура эмес тандап алгандаймын. Себеби, отчёт, документтер, офисте камалып иштөө мен үчүн эмес экенин эми түшүнүп отурам. Мага окшоп туура эмес кесип тандап өзүн таппай жүргөндөр өтө көп. Замандын талабына ылайык керектүү жана пайдалуу кесиптер пайда болду. Мен ошол кесипти алгачкылардан болуп үйрөнүп, азыр кыз-келиндерге үйрөтүп жатам. Авиабилет саткан айымдын баракчасын алып барып калдым, тактап айтканда инстаграмдагы баракчасын иштеттим. Баракчасын иштеткен соң ишинин жүрүшкөнүн көрүп мага да үйрөтчү деп өзү суранып калды, мына ошондон улам SMM курсун ачууу идеясы пайда болду.

Алгачкы айда курсумду 4–5 айымга марафон кылып атып, 1400–2000 сомдон сатып, ашып кетсе 6–7 миң сомдой топтоп өзүмдү дүйнөдө укмуш бизнесмен сезгем. Үйгө батпай кубанып айлыгымдан балдарыма тартуу алып берип калганын кайра эле таргет рекламама салдым (Таргет бул инстаграмдагы акча төлөнүүчү реклама). Ошентип экинчи айга 9 айым топтодум, 9 айым 2000сомдон окуп 18 000 сом киреше таптым. Учурда мен өзүм каалаган акчаны үйдө бала менен отуруп таап жатам, өзүмө унаа алдым. Онлайн жумуштун чеги жок, өтө коп багытта иш алып барса болот. Ошондуктан үйдө отурам, бала карайм дебестен заманга жараша билим алып көп жетишкендиктерге жетишсек болот. Бир жылда 700 ашуун айымды окуттум. Үйдө отуруп балдарын да багып онлайн иштеп акча тапканды үйрөтөм.

Жөнөкөй мисал айтайын, бир баракчаны 5000 сомдон алып барышат, ошондой баракчалардан 2–3 тапса 15 000 сом. Тажрыбайлары өскөн сайын бир баракчаны 7000–10 000 алып барып башташат. Курс ачканга жардам берем. Дагы бир мисал сиздин апаңыз же жеңеңиз мыкты торт жасайт. Сиз ошол жеңеңизди аласыз да анын билимин, жасаган тортун инстаграмга упаковка кылып даярдап, кондитердик курс ачып аны башкаларга үйрөтүү үчүн курсту сатып киреше тапса болот. Продюсер катары реклама кетирип, мастер класс өткөрүп, курска киши топтоп айтор баарын үйрөтөм.
Мен курсту аяктап эле дароо курс ачкан эмесмин. Алгач SMM адиси катары кардар  издеп иштешип баштагам. Бул жаатта бардык тепкичтерди басып өткөм.
Бир жылда 700 ашуун айымды окуттум.
Мен айымдардын жашоосун өзгөртөм.
Үйдө отуруп балдарын да багып онлайн иштеп акча тапканды үйрөтөм.
Мисалы бир баракчаны 5000 сомдон алып барышат, ошондой баракчалардан 2–3 тапса 15 000 сом. Тажрыбайлары өскөн сайын бир баракчаны 7000–10 000 алып барып башташат. Курс ачканга жардам берем. Башкаларга ага окшоп наставник болгонду.
Мисалы: сиздин апаңыз же жеңеңиз мыкты торт жасайт. Сиз ошол жеңеңизди аласыз да анын билимин, жасаган тортун инстаграмга упаковка кылып даярдап, кондитердик курс ачып аны башкаларга үйрөтүү үчүн сатып киреше тапса болот. Продюсер катары реклама кетирип, мастер класс өткөрүп, курска киши топтоп айтор баарын үйрөтөм.
Менде кандай курстар бар?
1) Нольдон келгендерге «Погружение в SMM» бул жакта онлайн база берилип инстаграмды нольдон баштап смм адис болуп баракчаларды алып баруунун жолдору үйрөтүлөт. Бир ай онлайн окушат күнүнө сабактарды эртең менен жүктөп 1–2 күн үй тапшырма аткарууга берем, практикант клиент таап берем, аягында сертификат да берилет.

2) экинчи «наставничество же насаатчылык». Ал жакта улантуучу уровень, нольдон баштап эмес тажрыйбасы барларды окутам.

3) Инфопродюсерлик курс. Өзүн көрсөтпөй башкаларды,өзгөнүн проекттсин запуск кылгысы келгендерге арналган.
Башыман оор күндөр өттү.
Бирок башты көтөрүп иштөөгө бел байладым.

Атаман айрылып күтүүсүздөн жоготтуу болду. Атамдын бир туугандары бизди кубалап салды. Өз бир тууганын өлгөндө жамандап өз агасына бир туугандары кастык кылышты. Атам инилерин окутуп, эрезеге жеткирген. Атам кандай инсан болгонун айыл эли бүт билет. Атам абдан жакшы адам эле. Адамдагы асыл сапаттын баары атамда болгон. Канча адамга жакшылык кылсам сообу атама тийсин. Элиме ар дайым кызмат кылам. Элдин кызы болуп, мага айтылган мактоолор, алкыштар, сыйлыктар ата-энеме алланын ыраазычылыгы болсун.

Даярдаган Диана Айдарова