Казакстандын күч органдары тарабынан кармалып, бир канча күндөн бери коңшулаш мамлекеттин ММК тарабынан “террордук топтун уюштуруучусу” катары айыпталып жаткан музыкант Викрам Рузахунов бошотулду.

Өздүк булактар билдиргендей, учурда Викрам Рузахуновду Бишкекке алып келе жатышат.

Кыргызстандык джаз-музыкант В.Рузахуновдун террорист катары айыпталып, камакка алынышы кыргыз коомчулугунун нааразычылыгын жараткан. Аны бошотуу боюнча сүйлөшүүнүн башында КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өзү турган.

Буга чейин Ташиев: “Биздин жаранды терроризмге айыптаганы туура эмес. Мен УКМК төрагасы катары айтарым, биздин өлкөдө эч кандай террорист жок. Эгер чыга турган болсо, тийиштүү чараларды колдонобуз. Казакстанда мурдатан иштеп жүргөн кыргызстандыктар митингге аралашып калышы мүмкүн. Бирок андай фактылар тууралуу да расмий түрдө эч кандай тастыктоо жок. Мен атайын кызматтын башчысы катары айтып коёюун, кандайдыр бир иштерди жасоо үчүн Кыргызстандан коңшу өлкөгө террористтер кирип барды дегени туура эмес, андай болбойт дагы”,- деп, В.Рузахуновду бошотууга болгон мүмкүнчүлүктү пайдаланарын билдирген.