Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 10-январдан тартып кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы өлкөдөгү жана чөлкөмдөгү кырдаал тууралуу толук маалымат алып турат. Министрлер Кабинетинин жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилиги менен байланышта болот.