Министрлер кабинетинин кеңешмесинин жүрүшүндө жаңы жыл мезгилинде жумушчу күндөрдү жылдыруу чечими кабыл алынган.

Кабыл алынган чечимге ылайык, жумасына беш күндүк график боюнча иштеген республика жарандары үчүн 2022-жылдын 1-9-январы жумушчу күнү эмес экендиги жарыяланды.

Тактап айтканда, 2022-жылдын 15-январындагы (ишемби) дем алыш күнү — 2022-жылдын 4-январындагы иш күнүнө (тийиштүү түрдө 15-январь 4-январдын ордуна иш күнү болуп саналат).

2022-жылдын 26-февралындагы дем алыш күнү — 2022-жылдын 5-январындагы жумуш күнүнө, 2022-жылдын 26-мартындагы дем алыш күнү 2022-жылдын 6-январындагы жумуш күнүнө жылдырылды.

Белгилей кетсек, 1, 5 жана 9-май да майрам күндөрү болуп саналат, ал эми Орозо айт майрамы май айынын биринчи күндөрүнө туура келгендигине байланыштуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан 1-майдан 9-майга чейинки мезгилди жумушчу күн эмес катары жарыялоо сунушу киргизилди.

2022-жылы майрамдардын көптүгүнө байланыштуу министрлер кабинетинде 23-февраль, 7-апрель, 7 жана 8-ноябрдын макамын кайрадан карап чыгуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгуу маселеси да каралууда.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров белгилегендей, май майрамдарын жылдыруу тууралуу акыркы чечим 2022-жылдын I кварталында кабыл алынат.