Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылындагы беш жигит ишкерликти башташты. Алар табият койнунда эс алууга шарт түзүшкөндүгүн аймактык кабарчыга айтып беришти.

«Беш бала биригип, «Жыргалаң деми» аталышындагы туристтик кызмат көрсөтүүчү бирикме ачканбыз. Буга чейин чет элдик эс алуучуларга кызмат көргөзүп келсек, жаңы жылдан баштап айылдыктар жана эс алуучулар үчүн тоо бетине жылгаяк жасадык. Анын узундугу 170 метр болду. Коопсуздук эрежелерин эске алып, жолчо жасадык. Эми аны 500 метрге жеткирели деп жатабыз. Бул жактан болуп көрбөгөндөй адреналин алышат. Ошондой эле тоо бетинде жай түшкөн да, жылгаяк аянтын да жасадык. Жакынкы айылдардан да эс алуучулар келип жатышат. Кызыккандар көп болгондуктан бул ишкерлигибизди кеңейтүүнү пландап жатабыз.

Иш алып барып жаткан беш баланын баары жогорку билимдүүбүз. Чет өлкөлөрдө да иштеп келдик. Өз айылыбыздын туристтик жаатта өнүктүрүп, экономикага салым кошууну көздөйбүз», — деди ал.

Жыргалаң айылында кыш 5 айга созулуп, кар калың түшөт. Учурда кардын калыңдыгы 70 сантиметрди түзөт.

Булак: Турмуш кж