Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында Улуттук коопсуздук комитетинин полковниги Азамат Ибраев өз жанын кыйды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазды.
Маалыматка ылайык, ал көп кабаттуу үйдүн терезесинен боюн таштаган. Азамат Ибраев Улуттук коопсуздук комитетинин техникалык кызматын жетектеген. Ал эми ага чейин Казакстандын атайын кызматынын өздүк коопсуздук бөлүмүнүн башчысы болгон. Буга чейин Казакстандын Жамбыл обусунун ички иштер бөлүмүнүн бышчысы Жанат Сулейменов ага карата кылмыш иши козголгондон кийин өз жанын кыйгандыгы кабарланган.