Бир нече маалыматтык агенттиктер массалык баш аламандык учурунда Казакстандан кармалган биздин жаран джаз музыканты Викрам Рузахунов абактан кое берилди деп билдиришкен.

Кыргыз Республикасынын ТИМнин, ИИМдин жана УКМКнын бирдиктүү күч-аракетинин натыйжасында Викрам Рузахуновдун кое берүү тууралуу макулдашууга жетишишкен.

Азыркы учурда Викрам Рузахунов Кыргызстанга өз үйүнө кайтып келди. Кыргыз-казак чек арасынд ааны укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, туугандары жана жакындары тосуп алышты.

ИИМдин Басма сөз кызматы