***
Саясаттан алысмын, бирок элди кейишке салган көйгөйлөр көңүлдүн тынчтыгын миң бузуп, санаамды санга миң бөлөт.
***
Канчалык жөнөкөй болбогун, баарибир сага таш аткандар сөзсүз алдыңдан чыгат, андайда жөн гана айланып өт. Кымбат убакыт бекер коробосун. Таштактуу жолдоруңда басып, таманы сыйрылбаган адам кадырыңды кайдан билмек.
***
Жашың өткөнү өзүңө эч качан сезилбейт. Өмүрдүн кыскарып баратканы, качан гана бир нерсени эстегениңде, же бөбөктөрдүн бой жетип же болбосо, адамдар карып кеткенде билинет, ошол үчүн да кымбат өмүрдүн бир мүнөтүн текке кетирүүдөн корком. Кечиксең бүгүн жасалчу ишиң, өмүр бою жасалбай калышы да ыктымал.
***
Себепсиз көңүл оорутканадан канчалык алыс болгонум менен, жарым өмүрүмдө шагым көп жолу сыныптыр.
***
Жашоодо күйүмдүүлөр өтө көп, бирок күйгөнү жокко эсе.
***
Элдин ою менен болгум келип, элдин сөзүн угуп келем. Аалам төрдөгү пикир келишпестигин билдиргендер, терең көлдүн эки жээгинде туруп, бири — бирине кол шилтеп, жетпесе да тепкилешип жаткан көлөкө сыңар элестерди бергенде жөн гана бооруң ооруйт. Сынды сый менен сыпаа айтсаң сыйлуу болосуң. Жүрөктө да так калбайт.
***
Көңүлгө жаккандар толтура, бирок көөдөндүн бөксөсүн толтурганы эсептелүү.
***
Жүзүбүз жылмайганы менен, жан-дүйнөбүз караңгы, жүрөгүбүз дүпүйүл, жаныбыз жай албагандан улам, пейилдер да тарып кеткендей… жөн гана көңүл уулагандар издеттирет.
***
Жашоо тынч, жайбаракат өз нугунда өтүп жатат, бирок адамдардын жан-дүйнөсү эч эле тынч болбогону, түн уйкуңду төрткө бөлөт.
***
Бир тамгадан ката кетип, мүдүрүлгөн адам көрсөк, жөөлүп барып, басып жыгылып, жаагын жап кылабыз. Экинчи ирет оңдоп, ойлонуп сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк бербейбиз, бирок баарыбыз сабырды пир тутабыз.
***
Сулуулап айтканга баары уста, жасалган иштен майнап жок. Иштин майын чыгарып туруп, көргүлө — деп айткан бир жан жок.
***
Асманымды ыш каптап, аппак кардын үстүн кир баскандай, бүгүн элимдин көңүлү карарды, жаштарыбыздын жөнсүз кылыктары кыйла көңүлдөрдү таман астында тепсеп ойногондой боло түштү.
***
«Карч» этип жаңы карга изиң калган сайын, ойлоруң кардай бийлей башташат. Жаңырган жылдагы ойлордун бүгүнкү бир бүркүмүнөн.
Автору Алтынай Орокбаева