Америкалык хирургдар дүйнөдөгү биринчи эксперименталдык операцияны жасап, анын жүрүшүндө генетикалык жактан өзгөртүлгөн чочконун жүрөгү оорулуу жаранга трансплантацияланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Хирургдардын айтымында, жети саатка созулган операция үч күн мурун Беннеттке жасалып, учурда бейтаптын абалы жакшы.

Бул Дэвид Беннеттин аман калуу үчүн жалгыз мүмкүнчүлүгү болгон — трансплантация болбосо, ал сөзсүз өлүмгө дуушар болмок.

«Мен үчүн тандоо өлүм менен ушул трансплантациянын ортосунда болду. Менин тагдырым такыр белгисиз экенин түшүнөм, бирок мен үчүн бул акыркы мүмкүнчүлүк», — деди 57 жаштагы Беннетт операциянын алдында.

Мэриленд университетинин медициналык борборунун адистери бейтап ансыз өлүп калаарын түшүндүрүп, бийликтен операцияга атайын уруксат алышкан.

Бул адамдын жүрөгүнө чочконун жүрөгүн алмаштыруу боюнча биринчи ийгиликтүү операция. Бул операция жүрөк оорулуу миллиондогон адамдарга үмүт бергени кабарланды. 2021-жылдын октябрь айында дагы Нью-Йорк шаарында адамга чочконун бөйрөгү салынган. Анда адамга салынган чочконун бөйрөгү дароо иштеп баштаган.