Конкурска “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген укук коргоо органдарына кызматка кабыл алуунун жана кызмат өтөөнүн шарттарына жана квалификациялык талаптарына жооп берген 19 жашка толгон жана 30 жашка чейин мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган, анык аскердик кызматты өтөгөн, же үй-бүлөлүк шарттары боюнча альтернативдик кызматты өтөгөн, бою 170 см. кем эмес Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат.

Тиешелүү документтер 2022-жылдын 10-январдан 10-февралга чейин кабыл алынат. Конкурска катышуу үчүн талапкерлер тийиштүү документтердин тизмегин алуу үчүн жана суроолор боюнча Баткен ОИИБнын Кадрлар бөлүмүнө кайрылса болот.

Дарегибиз: Баткен шаары, Разаков көчөсү 4. Байланыш үчүн номерлер: 03622 5-02-75

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы