Кыргызстандагы Көз карандысыз майып аялдардын коомунун төрайымы Асипа Мусаева учурдагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын абалы, аларга көрсөтүлгөн жардам, пандемиядагы кыйынчылык тууралуу маек берди.

– Асипа Мусаевна, майып аялдардын башын бириктирген коомуңузда пандемия учурунда кандай иштерди алып бардыңыздар?

-Пандемия башталгандар бери  майыптарда абдан кыйынчылык болду. 2020-жылы майыптар жөлөк пул менен эле калды. Ошол учурда да майыптардын абалын көрүп, чуркап жүруп жардам берип жаттык. Анткени төшөктө кыймылдай албай жаткан майыптар да бар. Аларга памперс, вирустан сактануучу медициналык маска,  дары-дармектер, жуунуучу каражаттар керек болду.  Каражаттар жетишпей ал кезде жөлөк пулду да өз убагында ала албай калышты.  Ошол кезде абдан кыйналганда биз ар кайсы жактан жардам сурадык. Чындыгында былтыркы 2021-жыл деле кыйын болду. Кымбатчылык каптады, майыптардын жашоосу өтө начарлап, кыйналып калышты. Кыйналган майыптарга жардам көрсөтүү үчүн көп жерге жардам сурап кайрылдык. Алардын арасынан Кыргызстандагы майыптарга Германиянын  элчиси Габриэла Геллил айым да  жардам берди.  Алар 130 майыпка тамак аштан жакшы жардам берип,  ар бирине таратып берди. Майыптарга  кол сунган Германиянын элчилигине рахматыбызды айтабыз. Чындыгында майыптарга  коомчулуктан көп деле жардам келбейт. Кыргызстанда  жардам берчү адамдар аз чынында. Биз канчалаган жерлерге, уюмдарга кайрылабыз жардам сурап. Кайрылган жерлердин көбү жардамдан баш тартышат. 2021-жылы гана кичине жардамдар болуп жатты.  Бирок, чындыгында пандемиядан кийин көп адамдар өздөрү деле кыйналып жатышат.