Алай районунун Жошолу айыл аймагында 150 балага ылайыкташкан жаңы мектеп ишке берилди.

Мектепке, бюджеттен 42 млн сом каралып, Төрөшов атындагы орто мектептин эски имаратынын ордуна курулган.

Эми балдар эки кабаттуу, заманбап жаңы, ыңгайлуу шарттары менен курулган мектептен билим алышат.

 

Булак: Биринчи радио