ЖККУнун тынчтыкты орнотуучу күчтөрү эки күндөн кийин Казакстандан чыга баштайт. Бул туурасында президент Касым-Жомарт Токаев парламенттин жыйынында жасаган билдирүүсүндө маалымдады.

«ЖККУнун тынчтыкты орнотуучу күчтөрүнүн негизги миссиясы ийгиликтүү аяктады. Эки күндөн кийин тынчтык орнотуучулар этап-этабы менен өлкөдөн чыгып кете баштайт. Контингентти чыгарып кетүү процесси 10 күндөн ашпайт», — деди Токаев.

Ошондой эле ал атайын операцияларды Казакстандын күч түзүмдөрү гана жүргүзүп жатканын белгилеп, ЖККУнун аскер күчтөрү стратегиялык аймактарды кайтарууга гана келгенин айтты.