Билим берүү жана илим министрлиги 2021-жылдын 10-декабрында жана 24-декабрында жарыяланган 2022–2023-окуу жылына карата Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларында бакалавр, магистратура, докторантура программалары боюнча окуу жана тилдик такшалтмадан өтүү үчүн конкурстар 2022-жылдын 17-январына чейин узартылганын билдирет.
Эске сала кетсек, каалоосу бар талапкерлер тандаган билим берүү деңгээлине жараша http://student.edu.gov.kg/ онлайн системасында («2022–2023-окуу жылына карата Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу») каттоодон өтүүсү, зарыл болгон талаачаны толтуруусу, ошондой эле бардык талап кылынган документтерди тапшыруусу зарыл.