11-январь эл аралык «рахмат» күнү. Бул дата жылдын эң сылык күндөрүнүн бири катары эсептелет.
Бүткүл дүйнөлүк «рахмат» күнү — ыраазычылык сөздөрүнүн касиетин эске салып, адамдарды сылыктыкка үгүттөйт. Сыйкырдуу сөз аркылуу адамдар бири-бирине кубаныч тартуулап, жакшы маанай менен бөлүшөт.
Психологтор «рахмат» сөзү адамды ыраазы кылып жана мээрими менен жылыта турган “оозеки сылоо” экендигине ишенишет.
Дүйнөнүн бардык тилдеринде айтылган “рахмат” сөзү ар элдин маданияты үчүн өзгөчө мааниге ээ экендигин билдирет. Ыраазычылык сөзү ар кайсы тилде айтылганы менен чын жүрөктөн чыккыны маанилүү.
Байыркы динчилдер “спасибо” сөзү “спаси Бай” сөз айкашынан келип чыккан деп эсептеп, колдонуудан качышат. Бай – бул байыркы элдердин кудайларынын бири.
Орустардын “спасибо” сөзү 16-кылымда көп айтылган “спаси Бог” деген сөз айкашынан келип чыккан. Англис тилиндеги Тhank you сөзүнүн тамыры да ыраазычылыктын тереңдигин билдирет.
21-сентябрда дүйнөдө эл аралык ыраазычылык күнү (World Gratitude Day) белгиленет.