Баткен облусунун аймагындагы ата-энелеринин балдарын мектепте багууга жана окутууга каржылык мүмкүнчүлүгү жок 25 бала зарыл кийим-кече, мектеп формасы жана окуу куралдары менен камсыздалды.
Президенттин атынан балдарга белектер шаар мэрлери жана район жетекчилери тарабынан өз убагында жеткирилип, тапшырылды.
Ар бир мектеп окуучусу рюкзак, костюм, шым же юбка, свитер, көйнөк, футболка, куртка, өтүк, шарф, мээлей, баш кийим, өнүктүрүүчү окуу китептери жана кеңсе буюмдарын (калем, карандаш, сызгыч, өчүргүч ж.б.) алышат.
Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун тескемеси менен турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн 201 баласына жардам көрсөтүү үчүн Мамлекет башчынын резервдик фондунан 5 млн сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнгөн.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы