Кечээ, 10-январда чек арачылар Тажикстанда кармалган кыргыз жаранын Кыргызстанга кайтарып келишти. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, 2021-жылдын 1-ноябрында Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка-Борбордук унаа жолунун тилкесинде Тажикстандын чек ара кызматкерлери Кыргызстандын жараны 1992-жылы туулган Р. Исмаиловду кармап кетишкен.
Маалым болгондой, кармалган жаран УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын чек ара өкүлдөрүнүн аракетинин аркасында «Кулунду-Автодорожный» өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга кайтып келген.