Бүгүн 12-январда КРнын эмгек сиңирген артисти, обончу, композитор Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата эскерүү иш-чарасы өтөт.
Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Улуттук маданий борборунун директору Жумакадыр Курмангалиев билдирди.
Анын айтымында обончунун китеби жарык көргөн. Бүгүн аны эскерүүчү концерттик программадагы иш-чара улуттук филармонияда орун алат. Эске салсак, Рыспай Абдыкадыровдун көзү тирүү болгондо бүгүн 81 жашка толмок.
Ал 1941-жылы 12-январда Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Булак айылында төрөлгөн.