Бишкектеги “Жер-Ынтымагы” конушунун тургундарына 497 техникалык паспорт берилди.

Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, бардыгы болуп миңден ашык арыз кабыл алынып, 8 учурда баш тартылган жана 852 техникалык паспорт даярдалган.

Ошондой эле, “Ала-Тоо”, “Дордой”, “Арча-Бешик”, “Керамическая”, “Төкөлдөш”, “Ак-Ордо”, “2-Черепки”, “Кара-Жыгач”, «Тынчтык», «Учкун» конуштарынан декабрь айынан бери 400дөн ашык арыз кабыл алынган. Шаардыктар Мамлекеттик реестрге түз байланышып, техникалык паспорт даярдоо үчүн арыз калтырса болот.