Бир мандаттуу эки шайлоо округу боюнча шайлоочулардын  тизмеси 7-февралдан кечиктирилбестен чыгат. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Бир мандаттуу эки шайлоо округу – Биринчи Май жана Свердлов округу боюнча эки башка тизме болору көрсөтүлгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, Биринчи Май районунда – 109 миң 457, Свердловдо – 103 миң 413.

Жалпысынан эки шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 212 870 адамды түзөт.

Тизмеден өзүңүздү тактап, 2022-жылдын 11-январынан 16-февралына чейин тактоолорду киргизе аласыз.

Шайлоочулардын акыркы тизмеси 20-февралда чыгат.

Бир мандаттуу эки округда — Биринчи Май жана Свердловскийде кайра шайлоо 27-февралда өтөт.