Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу   ниетин билдирген талапкердин саны 27ге  жетти. 

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-январда аяктайт. Депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер  2022-жылдын 30-январына чейин берилүүгө тийиш.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп, Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдарында шайлоочулар баарына каршы добуш берген. Мындан улам кайра шайлоо 27-февралга  дайындалган.

Аталган  эки округда 60 шайлоо тилкеси ачылат.Добуш берүүгө бул округдарда катталган шайлоочулар гана катыша алат. 16-февралга чейин тизмеледен тактоо иштери жүрөт.