Бишкек шаарынын тургуну, журналист Назгүл Калмамбетова  милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирип, Фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында  жаңы жыл алдында жол кырсыгына кабылып, окуя болгон жерден качып кеткен 12-автобустун айдоочусуна ыкчам чара колдонулуп,  күнөөкөрдү тапкан тартип сакчыларына ыраазычылык билдирген.

Өз убагында мыйзамдуу жолун айтып, кеңешин берген ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу Тилек Оторов  жол кырсыгы катталган учурда  эмне кылуу керектигин айтып, жардамын берген. Ал эми бул ишти дыкат иликтеп,  ыкчам ишке ашырган патрулдук милициянын инспектору Кубанычбек Айылчиевге  да ыраазычылыгын жазган.

“Айрым учурда милиция кызматкерлерине нааразы болгондор болуп калат. Бирок, убагында туура жана мыйзамдуу иш алып барып, жол кырсыгы катталган кезде МАИ кызматкерлерине кабарлаш керек.  Кандай гана окуя болосун, ар бир телефон чалуулар катталып, регистрацияга түшкөндөн кийин ал иш милиция тарабынан сөзсүз караларын жогоруда атын атап өткөн  тартип сакчылары да айтышты. Окуя болгон жерден качып кеткен айдоочунун кармаларына күмөнүм бар эле. Бирок андай болгон жок.  Милициянын жакшы иштерин да көрө билели. Ушундай ишин ак ниет аткарган эр азаматтар турганда коомдо коркунуч азаят” дейт жабырлануучу айым.

Ал эми Фейсбукта жазылган ыраазычылыгына  милиция азыркы учурда мыкты иштеп жатканын жана аларга ийгилик каалаган пикирлер да жазылды.