Бүгүн, 14-январда, күндүз Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Синоптиктердин маалыматына караганда, тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз +8…+13, Талас облусунда +6…+11 градус жылуу болот.

Ысык-Көл облусунда күндүз 1…+6 градус, Нарын облусунда -5…-10 градус суу болот.

Ал эми Ош, Баткен Жалал-Абад облустарында абанын температурасы күндүз +8…+13 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз +10…+12 градуска чейин жылуу болору маалымдалды.