Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбековдун ички иштер органдарынын жетекчилеринин алдына жол кыймылынын коопсуздугун сактоо, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу багытында коюлган тапшырмаларын аткаруу максатында, ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Байыш Ашырбеков баш болгон башкармалыктардын башчылары Уткир Умаров жана Талант Досовдон турган топ Баткен облусунун аймагында кызмат өтөп жаткан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө барып жыл жыйынтыгын чыгарышты. Ошондой эле жаңы 2022-жылга карата жасалуучу иштерди талкуулоо боюнча кезектеги жыйынды өткөрүштү.

Жыйынга Баткен ОИИБнын начальниги Мурат Боронов дагы катышып, ар бир район-шаарларда аткарылган иштердин жыйынтыктарын угушту. Өткөн жыл ичинде облус аймагында 339 жол унаа кырсыгы катталып, 46 жаран каза болуп, 581 жаран денесинен ар кандай жаракат алып, ооруканага кайрылган. Анын ичинде жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын саны 85, каза болгондор 5, денелеринен ар кандай жаракат алгандар 110 го чыккандыгын өз тактамасында облустук ЖККК бөлүмүнүн жетекчилиги билдирди.

ИИМнин ЖКККББнын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Байыш Ашырбеков ар бир район-шаардагы ЖКККБнын начальниктерине жол кырсыгын азайтуу максатында көзөмөлдү күчөтүүнү, коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулуучу жерлерде укук бузууларды алдын алып, профилактикалык иштерди күчөтүүнү тапшырды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлерине жол кыймылынын катышуучуларынын арасында жол кырсыктарын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин токтотпостон жүргүзүү керектигин эскертти. Эл аралык жолдордо оор кесепеттеги жол кырсыктары катталып жаткандыктан рейддик иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүүнү талап кылды.

Жыйында эпидемиологиялык абал кайрадан курчуп жаткандыгына байланыштуу кызматкерлердин арасында эпидемиологиялык нормаларды сактоо, илдетке каршы эмдөөнү алуу керектиги айтылды. Элге жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо тармагына кызматкерлеринин аткарып жаткан иштери тууралуу элге маалым болуу үчүн ЖМК аркылуу дайым жеткирип турууну, берилген тапшырмаларды биринчи жетекчилер тарабынан жеке көзөмөлгө алуу талаптары коюлду.

Жасалып жаткан иштерге карабастан жол кырсыктарынын саны өскөндүгүнө жана жеткиликтүү иштерди жасай албагандыгына байланыштуу Кадамжай жана Кызыл-Кыя аймактарынын жетекчилерине тартиптик жаза берилди.

Мындай иш-чара жогорудагы жумушчу топтун жетекчилиги менен Баткен облусунан башталып, Ош облусу, Ош шаары, Жалал-Абад облустарында дагы уланат.

ИИМдин Басма сөз кызматы