Коронавирус инфекциясын учак же тик учак менен асмандан чачышты- деген чындыкка дал келбейт, ал фейк маалымат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдирди.

Билдриүүгө ылайык, күн спектринин ультрафиолет нурлары вирусту тез жана натыйжалуу жок кылат. «Бул коронавирус инфекциясы тышкы чөйрөдө туруктуу эмес экенин көрсөтүп турат. Кошумчалай кетсек, вирусту алыс аралыкка алып жүрүүгө болбойт. Башкаларга жугуза турган аэрозол инфекция жуккан адамдын айланасында 1 метр радиуста тарайт», — деп билдирди министрлик.

Министрлик COVID-19 абадагы тамчылар аркылуу — бейтаптын дем алуу жолдорунан чыккан тамчылар дени сак адамдын дем алуу жолдоруна киргенде, мисалы, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө же баарлашканда жуга турганын эскертти. «Ошондой эле, коронавирусту жуктуруп алуу үчүн белгилүү бир шарттар керек, мисалы, жеке коргонуу каражаттары жок жабык жайларда болуу. Жөнөкөй гигиеналык чаралар сакталбаса, адегенде оорулуу бетке, андан кийин көзгө, оозго же мурунга тийүү аркылуу да жугушу мүмкүн», — деп кошумчалады министрлик.

Транспорт министрлигине караштуу Жарандык авиация департаменти 2021-жылдын декабрынын аягында Бишкек жана Ош шаарларынын аэропортторунда коюу туман байкалып, «Манас» аэропортунда учактарды кабыл алуу жана учуп чыгуу графиги үзгүлтүккө учураганын белгиледи. «Ушуга байланыштуу учактар ​​шаардын үстүнөн 1,8 миң — 7 миң метр бийиктикте айланып, конууну күтүүгө аргасыз болгон.  Айрымдары  башка аэродромдорго багытталды. Конденсацияланган нымдуулуктан (тамчылар же муз кристаллдары) турган абада көрүнгөн из кыймылдап бараткан учактын артындагы атмосферада пайда болгон. Бул көрүнүш көбүнчө тропосферанын жогорку катмарында байкалат. Андан соң учактын изи Бишкекти көздөй жылган”, — деп түшүндүрдү министрлик.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда учактар ​​шаарлардын үстүнөн вирус чачканы тууралуу маалымат тараган.