Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын жетекчилеринин алдына  жол кыймылынын коопсуздугун сактоо, коомдук тартипти жана коопсуздукту  камсыз кылуу багытында  коюлган тапшырмаларын аткарылышын көзөмөлдөө жана жыл жыйынтыгын чыгаруу максатында, ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Байыш Ашырбеков жана башкармалык башчылары  Уткир Умаров жана Талант Досовдон турган  топ   Ош облусунун аймагында кызмат өтөп жаткан жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүнө барып кызматкерлер арасында жыл жыйынтыгын чыгарып, жаңы 2022-жылга карата  аткарылуучу иштерди талкуулоо боюнча кезектеги жыйын өткөрүштү.

Жыйынга, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Жеңишбек Абитов катышып, ар бир район-шаарларда аткарылган иштердин жыйынтыктарын угушту. Өткөн жыл ичинде облус аймагында 811 жол унаа кырсыгы катталып, 139 жаран каза болгон, ал эми 1428 жаран денесинен ар кандай жаракат алып, ооруканага кайрылган. Анын ичинде жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын саны 233, каза болгондор 31, денелеринен ар кандай жаракат алгандар 262 болгондугун Ош ОИИБи боюнча облустук ЖККК бөлүмүнүн жетекчилиги маалымат берди.

Байыш Ашырбеков ар бир район-шаардагы ЖКККБнын начальниктерине жол кырсыгын азайтуу максатында көзөмөлдү күчөтүүнү, коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулуучу жерлерде укук бузууларды алдын алып, профилактикалык иштер күчөтүүнү, жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери  тарабынан жол кыймылынын катышуучуларынын арасында жол кырсыктарын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүүнү, Эл аралык жолдордо адам өмүрү кыйылган жол кырсыктары катталып жаткандыктан рейддик иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүүнү, эпидемиялогиялык абал кайрадан курчуп жаткандыгына байланыштуу кызматкерлердин арасында  эпидемиологиялык ченемдерди сактоо,  илдетке каршы эмдөөнү колго алууну белгилеп, Калкка жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери аткарып жаткан иштери тууралуу  маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу үзгүлтүксүз  жеткирип турууну, коюлган тапшырмаларды биринчи кезекте жетекчилер тарабынан жеке көзөмөлгө алуу талаптарын койду.

Аткарылып жаткан иштерге карабастан жол кырсыктарынын саны өсүп, жол кырсыктары токтобой өз милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбастан  кемчиликтерге жол бергендиги үчүн Алай, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат,Өзгөн, Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмү боюнча жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмчөсүнүн жетекчилерине тартиптик жаза берилди.

Мындай иш-чара жогорудагы жумушчу топтун жетекчилиги менен башка облустардын аймагында да ушундай иш-чара өткөрүлөөдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы