Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Серек айыл аймагынын Кош-Болот айылында жаңы спорт зал курулуп, пайдаланууга берилди.
Көк-Серек айылынын өкмөтүнүн башчысы Камчыбек Исраиловдун айтымында, буга чейин айылдагы мектептин да спорт залы жок болуп келген.
Ага ылайык, айыл өкмөт тарабынан балдардын бош убактысын спорт менен алектенүүсүнө шарт түзүү максатында, райондун өнүктүрүү фондуна долбоор жазылган. Демилге колдоого алынып, бөлүнгөн 12 миллион 700 миң сом акча каражатына жаңы заманбап спорт зал бүткөрүлдү.
Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл аймагындагы Кош-Болот айылында 800дөн ашуун калк жашайт.