5-январь күнү болжол саат 20.30 чамаларында Балыкчы ШИИБге шаардык ооруканасынан билдирүү түшүп, анда 31 жаштагы жергиликтүү тургуну К.Э. жана 32 жаштагы Тоң районунун тургуну Э.Ч. денелеринен учтуу нерсе менен оор залака алышып түшкөнү маалымдалган.
Аталган факт шаардык милициясынын кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жазык кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Ден соолукка келтирилген залалдын оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүп, Ысык-Көл ОИИБдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жарандарынын өздүктөрү аныкталды. Алар, Ысык-Көл облусунун тургундары, ИИМдин ыкчам каттоосунда УКТнын мүчөлөрү катары турушкан 30 жаштагы Б.Б. жана 28 жаштагы И.И. болуп чыгышты.
16-январь күнү Балыкчы шаарына кире беришинде, милиция кызматкерлери тарабынан шектүүлөр бара жаткан унаа токтотулуп, колго түшүрүү иши турмушка ашырылды.
Сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин, кылмышка шектүү катары кармалгандар Балыкчы ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө амалдары уланууда.
Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы