Эделбек Кулматов өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды, — деп билдирет ведомствонун маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Эделбек Кулматов 1982-жылы 25-августта Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Михайловка айылында туулган.

Билими боюнча юрист.

Иш тажрыйбасы:

2004–2008-жылдары Жалал-Абад шаардык сотунда сот отурумунун катчысы

2008–2018-жылдар аралыгында жеке ишканаларда юрист, адвокат кызматтарын аркалаган

2018–2020-жылдары Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турган

2020–жылы КР президенттик администрациясында эксперт

2020–2022-жылдары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясында директордун орун басары кызматында эмгектенген

Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.