Баткен районунун аймагында быйылкы жылдын жаз айларында дыйкан жана фермердик чарбаларда 6610 гектар жерге дан эгиндери жана буурчак өсүмдүктөрү себилет. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жазгы талаачылык жумуштарын өз убагында, уюшкандыкта жана сапаттуу өткөрүү максатында Баткен районунун акиминин биринчи орун басары Адыбек Набиев жана тийиштүү жетекчилер, айыл өкмөттүн башчысы кечээ, 17-январда Дара айыл өкмөтүнүн Чек, Жаңы-Жер айылдарынын тургундары жана дыйкандары менен жолугушту.

Анда жазгы талаачылык жумуштарын өз убагында аткаруу, сугат суусу менен камсыз кылуу, арык, каналдарды өз убагында тазалоо жана башка ушул сыяктуу маселер туурасында кеңири сүйлөшүүлөр болуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

«Күйүүчү майга болгон тартыштык болбойт. Баткен районунун аймагында быйыл айдоо аянттары 10 миң 454 гектар жерди ээлейт. Буудай 1997 гектар, жүгөрү 3047 гектар болсо, 1388 гектар аянтка арпа себилери болжолдонуп жатат. Анткени өсүмдүктөрдүн бардык түрү кирешелүү. Учурда райондун бардык аймактарында жазгы талаа иштерине даярдыктарды көрүү, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.