Кыргызстанда бир суткада  коронавирус  820 адамдан аныкталды, анын ичинде 50 врачтар, деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Ага ылаыйык, Бишкекте 600, Ошто 12, Чүй облусунда 109, Ошто 4, Таласта 14, Нарында 3, Ысык-Көлдө 40, Жалал-Абадда 9, Баткенде 29 адамдан коронавирус аныкталган. .

Таркалуу индикатору (репродуктивдүү саны Rt) 3,2, башкача айтканда, бир бейтапты көп адамдар жугузушу мүмкүн. Бирден жогору көрсөткүч оорунун өсүп жатканын көрсөтүп турат.

Расмий маалыматтар боюнча, 2020-жылдын март айынан бери республикада пневмония жана COVID-19 оорусунун 191 288 учуру катталган.