Бишкектеги жети мектеп жана бир бала бакча онлайн окутууга өткөрүлдү. Бул тууралуу борбор калаанын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун буйругунда айтылат.

Маалым болгондой, бир күн мурун №60 мектеп дистанциялык форматка өткөн. Бүгүн дагы беш мамлекеттик мектеп – №4, 67, 29, 38, 18 жана бир жеке менчик «Газпром» мектеби да салттуу режимде окутууну убактылуу токтотту. №135 бала бакча да карантинге жабылды.

Бир катар мектептерде өзүнчө класстар онлайн окутууга өткөрүлдү.

24.kg