Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Бишкек шаарындагы Ишкерлерди тейлөө борборуна пландан тышкаркы текшерүү жыйынтыгы боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө Арзыбек Кожошев кызматкерлери жумуш ордунда болбогон жетекчилердин жоопкерсиздигин белгилеп, Ишкерлерди тейлөө борборунун ишин кескин сынга алды.

«Борбор ишкердикти өнүктүрүү үчүн түзүлгөн. Борбордун ишин кайра баштоо, анын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу жана ыкчам башкарууну өзгөчө көзөмөлгө алуу зарыл. Жооптуу кызматкерлер жарандарды министрликтерге кайра багыттабастан, маалыматка ээ болушу керек», — деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары.

Ал кошумчалагандай, милдеттерин тийиштүү аткарбаган кызматкерлерге карата тартиптик чаралар көрүлөт, ошондой эле бир жумалык мөөнөттө Борбордун ишин анын натыйжалуулугун жакшыртуу боюнча иш-чаралар планын даярдоого ылайык келтирүү тапшырмасын берди.

Белгилесек, ишкерлердин көп сандаган арыздарына байланыштуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Ишкерлерди тейлөө борборуна пландан тышкаркы текшерүү менен барган.

Текшерүү учурунда 9 кызматкердин ичинен 5 мамлекеттик органдын гана өкүлү жумуш ордунда болгон.