Юстиция министрлиги «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндөгү» мыйзам долбоорун сунуштады. Анын алкагында 138 мыйзам жокко чыгарылат.

Мындай демилге парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин жыйынында каралды.

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков долбоор президенттин КР мыйзамдарын инвентаризациялоо жарлыгынын негизинде иштелип чыкканын билдирди.

«Учурда актуалдуулугун жоготкон мыйзамдар дагы деле бар. Ал эми тийиштүү мыйзамдар менен жөнгө салынчу маселелер, профилдик, предметтик жана башка ченемдик актылар менен жөнгө салынган. Андыктан 138 мыйзамды күчүн жоготту деп эсептөө сунушталууда. Басымдуу бөлүгү 1997-жылкы Кылмыш-жаза кодексине, андан кийинки кодекстерге киргизилген, 1998-жылы бекитилген базалык ставкалар боюнча мыйзамдар. Жаңы мыйзамдар колдонууга чыкканда булар күчүн жоготту деген актылары кабыл алынбай калган», — деди Орозбеков.

Жыйында депутат Русланбек Жакышов долбоордо «Нооруз майрамын да жокко чыгаруу мыйзамы» камтылганын айтып, суроо узатты. Орозбеков ал майрам Эмгек кодексинде болгондуктан мыйзам ашыкча экенин билдирди.

Мындан башка суроолорго комитет мүчөлөрү канааттандырарлык жооп ала алган жок. Натыйжада ар бир мыйзам боюнча кенен түшүндүрмө беришин талап кылып, демилге кийинки жыйында каралмай болду.

 

Булак: Спутник кж