Баткен облусунун Сүлүктү шаарында эки өспүрүм дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга 50 жаштагы тургун арыз менен кайрылып, анын 2007-жылы туулган Жоламан Азимбаев өзү жашаган Сүлүктү шаарындагы үйүнөн 16-январь күнү «досумду айтып келейин» деп саат 10:00дөр чамасында чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эместигин билдирген.
Белгилери: бою 160-165 сантиметр, чачы узун, дене түзүлүшү арык чырай. Кийген кийимдери: Ак түстөгү жемпир, кара булгаары куртка, кара түстөгү шым, ак кара түстөгү спорттук бут кийим.
Ал эми ошол эле шаардын тургуну 16-январь күнү эрте менен саат 8:30да үйүнөн жумушка кетип бара жатып, уулун ойготуп коеюн деп киргенде анын 2007-жылы туулган Кылычбек Камалов аттуу уулу бөлмөсүндө жок экендигин билдирип Сүлүктү ШИИБине арыз менен кайрылган.
Белгилери: бою 155-160 сантиметр, чачы, кашы көзү кара түстө, дене түзүлүшү арык чырай, акыл-эси соо. Кийген кийимдери: кара түстөгү жемпир, кара түстө куртка, кара түстөгү шым жана кара түстөгү спорттук бут кийим.
Жогорудагы 2 факты Сүлүктү ШИИБине катталып, издөө иштери жүрүп жатат. Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү балдарды таанып, жүргөн жерин аныктап калса төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот. Байланыш үчүн номерлер:
(03653) 5-06-51;
0220 79-35-03