Сузакта №19 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна жаңы имарат курулуп жатат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, Комсомол айылындагы мекеме эки кабаттуу болуп, бардык заманбап шарттар менен камсыздалат. Ага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, демөөрчүлөр жана айыл тургундары катышты.

Бул мекеме Кувейт мамлекетинин «Абдулла Нури» коомдук бирикмеси жана «Ассанабил» кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланууда.

Белгилей кетсек, Комсомол айылындагы №19 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жергиликтүү 11 миң 500гө жакын калкты медициналык жактан тейлеп келет.