ИИМдин  Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы ЕККУнун Программалык кеңсесинин жардамы менен баңгизаттын адам организмине тийгизген зыяны тууралуу коомчулукка маалымат берүүгө багытталган социалдык-профилактикалык видеотасма тартты.

Баңгизат адамдын организмине кыйратуучу таасирге ээ экени эч кимге жашыруун эмес. Баңгизатты кабыл алуунун кесепеттери адамдын бардык системаларына жана органдарына тарайт.

Ал тургай, баңгизатты бир жолу колдонуу абдан каргашалуу натыйжаларга алып келиши мүмкүн.

Унчукпаңыз,  баңгизат тараткандарды билген болсонуз 102ге жана ИИМдин БМЖКККга 0312 66-02-44, 0312 66-06-16 телефон номурлары аркылуу билдириниз.

ИИМдин Басма сөз кызматы