Кадамжай РИИБнин Марказ айылдык милиция бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан 2022-жылдын 18-январь күнү Пульгон айылы менен чектешкен Өзбекстан Республикасынын Фергана районунун Кара-Жантак айылы менен чектешкен чек аранын алдында “Хундай-Портер”  үлгүсүндөгү эки унаада 4 (төрт) баш жылкыны аткезчилик жолу менен Өзбекстан Республикасына өткөрүшүп жатканда колго түшүрүшкөн.

Бул маалымат Кадамжай РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.

Кармалган жылкылар жана автоунаалар Кадамжай РИИБнин тергөөсүнө өткөрүлүп берилген.

 

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы